Кыргызстанда дагы 5 адамдан коронавирус чыкты

Буга чейин 111 бейтап тууралуу айтылып жаткан. Жалпы жонунан бул инфекция шарттаган оорудан беш кыргызстандык сакайды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы беш кишиден коронавирус чыкканын Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касым Мамбетов брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 116га жетти.

"Ноокат районунан 2, Ош шаарынан 1, Кызыл-Кыя шаарынан 2 кишиден табылды. Бул беш кишинин экөө сырттан келгендер. Үчөө Кыргызстандын ичинен жуктургандар. Жалпы 116 бейтаптын 53ү эркек болсо, 63ү аял киши. Беш адам реанимацияда жатат", — деди Мамбетов.

Ал эми беш кыргызстандык оорудан айыгып чыкты. Кечээ кечинде сакайып кеткен эки киши тууралуу маалымат тараган.