БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу жарандарды жана унаа каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Ага ылайык, Өзбекстан менен мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби бекитилди:
- Өзбекстан аймагындагы Кыргызстандын жарандары чыгып кете алат;
- Өзбек тараптын чечими менен Кыргызстанда жүргөн жарандары уюшулган топ менен белгиленген бир убакытта гана өз мамлекетине өтө алат.
Айыл чарба азыктары, тамак-аш азыктары, калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн унаа каражаттарын, ошондой эле транзиттик жүктөрдү Кыргызстандан Өзбекстанга жана Өзбекстандан Кыргызстанга өткөрүү "Достук унаа жолу" — "Дустлик унаа жолу" жана "Кызыл-Кыя унаа жолу" — "Өзбекстан унаа жолу" өткөрмө пункттары аркылуу эки багытта теӊ ишке ашырылат.