БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде Кыргызстанда күйүүчү май арзандап кеткендигин билдирди.
Анын айтымында, мындай көрүнүш дүйнөдө нефтинин арзандашынан улам болуп жатат.
"Акыркы он күндө Кыргызстанда күйүүчү майларды керектөө 6-7 эсеге азайды. Бул нефтетрейдерлерге болуп көрбөгөндөй чыгым алып келет. Алардын көбү баалардын кескин төмөндөшүнөн улам ыкчам чараларды көрүүгө киришүүдө. Кээ бир компаниялар кызматкерлеринин бир бөлүгүн төлөнбөй турган өргүүгө кетирүүгө аргасыз болду", — деди Эшатов.
Ассоциация жетекчисинин айтымында, өзгөчө абал бүтмөйүнчө азыр болжолдуу маалымат берүү кыйын. Эшатов белгилегендей, жакынкы күндөрдө Кыргызстанга күйүүчү май ташыган негизги камсыздоочу Россия тарап апрелге болгон бааларды жарыялайт. Ошондо гана атамекендик нефть рыногундагы баанын тенденциясын айтууга болот.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында өзгөчө абал жарыяланган. Ал 15-апрелге чейин созулмакчы.