Карантиндин адамдарга тийгизген таасиринин оң жана терс жагы туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги психолог, Европалык транзактылык анализдөө ассоциациясынын мүчөсү Ильдар Акбутин менен маек даярдаган.
— Карантин адамдын психологиясына кандай таасир этет?
— Үй-бүлөдөгү келишпестиктердин өскөнү билинүүдө. Мага кайрылгандардан улам да байкап жатам. Буга чейин шаардык үй-бүлөлөр узак убакытка чогуу болуп көрүшкөн эмес. Кээ бир жубайлардын ортосунда кайсы бир үй-бүлөлүк көйгөйлөр, келишпестиктер жымсалданып, өздөрү да аны сөз кылуудан качып келген учурлар бар. Ал эми карантинде кааласа да, каалабаса да ошол көйгөйлөр калкып чыкты. Ортодогу чыр-чатактар айрым учурда ажырашууга да алып келет.
Ата-энелер менен балдардын ортосунда да келишпестиктер жаралууда. Мурда бири жумушта, бири сабакта же сыртта болуп келген. Адамдар банктагы насыясын, жеке бизнесин же жумушун ойлоп кабатырланганы да үй-бүлөдөгү мамилелерге терс таасирин тийгизет. Ошондой эле карантиндин канчага созуларын билбегендик да адамдарды депрессияга түртөт. Башкача айтканда, адам айлана-чөйрө менен алакасын үзүп, өзүнчө түнт тартып, ойго бата баштайт.
— Оң таасиричи?
— Балдарга эпидемия же карантин туурасында айтып берүү абзелби?
— Бул боюнча психологияда бир жактуу жооп жок. Өзгөчө кырдаал жаралганда ата-эненин жүргөн-турганы бала үчүн маанилүү. Экинчиден, баланын жаш курагы да каралат. Төрт жаштагы балага коронавирус тууралуу айтканда деле майнап чыкпайт. Болгону коркутуп алышыңыз мүмкүн. Ал эми беш-алты жаштан өткөн балдар аркы-беркини түшүнө баштайт. Мисалы, мен беш жаштагы кызыма бактерияларды интернеттен көргөзүп, алардын ичинде пайдалуусу жана зыяндуусу бар экенин айтып берем. Ушундай мультфильмдер да бар. Балдарга туура багытта, коркутпай абалды түшүндүрүүгө болот.
— Ар кандай маалыматтардан чочулап, дүрбөлөңгө түшпөө үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?
— Паникага алдыруу качандыр бир кездеги жаныбарлар инстинктинин натыйжасы. Башкача айтканда, мурунку заманда адамдар дүрбөлөңгө түшүү менен ар кандай жаратылыш кырсыктарынан өзүн куткарып, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Азыр андай паникада болуу адекваттуулукка жатпайт. Себеби андай жашоо образынан өткөнбүз.
— Ошондо коомдук пикирге аралашпоо керекпи?
— Ишенимдүү бир маалымат булагын гана кароо керек. Ал телевизиондук эмес, басылма түрүндөгү массалык маалымат каражаты болгону оң. Күнүнө болуп жаткан жаңылыктарды билүү менен гана чектелип турсаңыз, такталбаган, тынчыңызды алган маалыматтардын селдей каптаган агымынан жабыркабайсыз. Мындайча айтканда, адам өзүн-өзү изоляцияга алуусу шарт.
— Эгер адам психологиялык жактан эмоциясын башкара албай калган абалга кептелип калсачы?
— Коркуп, кооптонуп, оюн топтой албай жаткан адамдарга психологдун жардамы керек. Ушул тапта бардык психологдор онлайн түрүндө кызмат көрсөтүүдө. Телефондон же интернеттен кат алышып да иштеп жатышат. Өзүңүз каалаган психологду тандап алыңыз да, сүйлөшүңүз. Андан тышкары, азыр дарыканалар иштөөдө. Ал жактан адамды тынчтандыруучу чөптөн жасалган жеңил каражаттарды алып ичсеңиз да болот.