Вице-премьер менен саламаттык сактоо министри болчулардын аты аталууда

Президент бүгүн Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаевди коронавирус менен күрөшүүдөгү чабал аракети үчүн иштен алган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кызматтан кеткен өкмөт мүчөлөрүнүн ордуна жаңы талапкерлердин сунушталганын парламенттеги жана өкмөт аппаратындагы бир нече булак билдирди.

Ага ылайык, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты (“Республика - Ата-Журт” фракциясы) Аида Исмаилова вице-премьерликке сунушталды.

Ал эми саламаттык сактоо министри кызматына аталган министрликтин алдында түзүлгөн штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетовдун талапкерлиги каралууда.

Мыйзам боюнча өкмөт мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлерди премьер-министр парламенттин көпчүлүк коалициясына сунуштайт. Андан кийин тармактык комитеттерде каралат.

Ал жактан колдоо тапса жалпы жыйынга чыгарылат да, депутаттардын добушу менен талапкерлиги жактырылат же артка кайтарылат.

ЖК коалициясы Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин ордуна келчү талапкерлерди карайт
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошоткон.

Кечээ, 31-мартта, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген.

Мындан улам Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышын шарттап, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгын сынга алган.