Быйыл абитуриенттер окууга онлайн кабыл алынышы мүмкүн

Министр дистанттык окутуу маселесине токтолуп, ар бир университеттин деңгээлин сынай турган мезгил келгенин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жогорку окуу жайлардын ректорлору менен онлайн-конференция өткөрдү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Министр ЖОЖдордо жүргүзүлүп жаткан дистанттык окутуу маселесине токтолгон. Ал мындай кризистик кырдаалда студенттерге карата ийкемдүү мамиле жасоо менен бирге ректорлорду дистанттык окутуунун шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууга чакырганы айтылат.

Исаков бардык деңгээлдеги окутууну камсыздоо үчүн антикризистик план иштелип чыкканын, мындан ары анын негизинде иш жүргүзүлөрүн белгилеген.

"Дистанттык окутууну жакшыртуу үчүн окутуучуларга усулдук же дагы башка кандай  жардам керек болсо берилиши керек. Студенттердин онлайн окутууга катышуусу көзөмөлдөнүп, окутуучулардын ишине мониторинг жүргүзүү зарыл. Бул процессти координациялоо ар бир окуу жайдын ректоруна милдеттендирилет", — деди Исаков.

Карантин учурунда студенттер контракт акысын төлөбөйбү? Министрликтин жообу
Ошондой эле министр алдыда келе жаткан жайкы сессия, бүтүрүүчү курстардын мамлекеттик экзамендерин компьютердик тестирлөө менен өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу жана ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу маселелери боюнча жумуштар ыкчам аткарылышы керектигин белгиледи.

Министрдин орун басары Нурлан Өмүров контракт маселеси боюнча ар бир ЖОЖ өзү чечим кабыл алышы зарыл дейт. Ал 8-апрелден тарта жума сайын ар бир окуу жай дистанттык окутуунун жүрүшү боюнча маалымат берип турушу керектигин кошумчалады.