Москванын четинде кыргызстандыктар жашап жаткан чатырлар күйүп кетти. Видео

Кырсык болгон жерде эмгек мигранттары коронавируска чалдыккандар үчүн оорукана куруп жатканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Москванын жака-белинде эмгек мигранттары, анын ичинде кыргызстандыктар убактылуу жашап жаткан чатырлар күйүп кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, мигранттар ал жерде коронавируска чалдыккандар үчүн оорукана куруп жатышкан.

Алдын ала айтылган маалымат боюнча, жаракат алгандар жок. Көбүнүн документти өрттөнүп кеткен. Алар курулуш иши бүткөндөн кийин жасала турганы айтылат. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн. Анда кырсык 31-мартка караган түнү болгону белгиленет.