Биле жүрүңүз! Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдердин тизмеси

Кыргызстанда 1-апрелде дагы төрт кишиден коронавирус табылганы аныкталды. Ушуну менен өлкө аймагында бейтаптардын саны 111ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 31-мартта өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөргөн.

Анда коронавирус инфекциясынын таралышын токтотууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралган. Ошондой эле өкмөткө бир катар сунуштар берилген.

Мындан сырткары, Коопсуздук кеңеши төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

Президент вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаевди иштен алды
Өзгөчө абал киргизилген аймакта жайгашкан министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерин, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин аралыкта иштөө режимине которуу;

Бардык коомдук жайларда, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, ар кандай ведомстволордун мекемелеринин жана уюмдарынын, ошондой эле чарбалык субъектилердин объектилеринде, айрыкча жуктуруу учурлары катталган аймактарда масштабдуу дезинфекциялоону уюштуруу;

Улгайган адамдарды жашаган жери боюнча алардын абалын текшерүү жана зарыл болгон учурда жардам көрсөтүү үчүн медициналык жана социалдык кызматкерлердин аларды үзгүлтүксүз кыдыруусун уюштуруу;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өзгөчө абал киргизилген калктуу конуштарда жашаган, айрыкча муктаж болгон жарандардын фамилиясы көрсөтүлгөн тизмелерди түзүү, аларга азык-түлүк жана биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү товарларды берүү;

Өзгөчө абал киргизилген региондордун ортосунда жана шаарлардын ичинде товарлардын тоскоолдуксуз ташылуусун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар, коронавирус менен байланышкан кырдаалды байкоо боюнча оперативдүү штаб жана социалдык-маанилүү продуктуларды жеткирүүчүлөр ортосундагы координацияны күчөтүү;

Кыргызстанга келүүчү бардык адамдарды коронавирустук инфекцияны жугузуп албагандыгын текшерүү үчүн экспресс-тестирлөөдөн өткөрүүнүн таасирдүү алгоритмин ишке киргизүү;

Жээнбеков: эл комендатуралардын ишине нааразы
Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн келип жаткан донорлук жана гуманитардык жардамды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

Тиешелүү кызматтар жана компаниялар менен коммуналдык кызматтарга, телекөрсөтүүлөргө жана интернетке төлөөлөрдү жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу;

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылуу жана облустук борборлордон адистештирилген тоюттарды фермердик жана дыйкан чарбаларга жеткирүү боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүү сунушталды;

Улуттук банкка өзгөчө абал киргизилген аймакта жайгашкан банкоматтарды накталай акча каражаты менен жетиштүү санда камсыз кылуу маселесин коммерциялык банктар менен иштеп чыгуу сунушталды.