Индияда 25 кыргызстандык карантинде. Вирустун белгилери байкалгандар да бар

Акыркы маалыматтар боюнча, Индияда ооругандардын саны 1024кө жетти. Алардын 48и чет элдиктер. Анын ичинде алтоо "Таблиги жамаат" кыймылынын мүчөсү экени айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Индияда 25 кыргызстандык ("Таблиги жамаат" диний кыймылынын мүчөлөрү) карантинге алынды. Бул тууралуу индиялык ЖМКлар жазды.

Times of India гезитинин жазганына караганда, 17 кыргызстандык өлкөнүн түндүгүндөгү Патна шаарында, алар дааватка барышкан.

Облустун башкы эпидемиологу Прашант Кумардын айтымында, булар карантинге 23-марта алынган. Дааватчылар Патна шаарындагы Жалпы индиялык медицина институтунда текшерүүдөн өтүп жатышат.

"Алгачкы анализдери таза чыккан, азыр экинчи ирет алынган анализдердин жыйынтыгын күтүп жатышат", — деп айтылат гезитте.

Ал ортодо Hindustan Times басылмасы Индиянын борбор калаасында дагы сегиз кыргыз жараны карантинге алынганын жазып чыкты. Маалыматка караганда, алар март айынын башынан бери Бхарат Нагар аймагында ижарага алынган үйдө жашап жатышкан.

Нарын: Пакистандагы дааваттан келген кишиден COVID-19 жакындарына жуккан
"31-мартта айрымдарынан коронавирустун белгилери билине баштаганда карантин борборуна жөнөтүлдү. Кыргызстандыктар Дели шаарындагы ооруканалардын биринде кароодон өтүштү, медиктер жыйынтыгын күтүп жатат", — деп жазылат кабарда.

Бийлик алар барган мечиттерди дезинфекциялоодо.

Акыркы маалыматтар боюнча, Индияда ооругандардын саны 1024кө жетти. Алардын 48и чет элдиктер. Анын ичинде алтоо "Таблиги жамаат" кыймылынын мүчөсү экени айтылууда.