Бейшембиге карата аба ырайы

2-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар түшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. 2-апрелде күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Кыргызстандын аймагында үшүк жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +7...+12 жана Нарын аймагында +6…+11 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбор калаада +13...+15, Ошто +15...+17 градуска чейин жогорулайт.