Алматыда коронавирустан эки жаштагы наристе айыкты

Ооруканадан чыгарылган эки бейтап жана наристе 14 күн үй карантининде болушат. Айыккан эки адам Казакстанга Берлин — Минск — Алматы каттамы менен 13-мартта келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында коронавирус жуктуруп алган эки жаштагы бала айыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бүгүн Алматы шаарындагы ооруканадан коронавируска кабылган үч бейтап айыгып чыккан. Анын бири эки жаштагы бөбөк.

"Ооруканадан чыгарылган эки бейтап жана наристе 14 күн үй карантининде болушат. Айыккан эки бейтап Казакстанга Берлин — Минск — Алматы каттамы менен 13-мартта келишкен. Алар менен бирге келген борттогу 12 киши жана экипаж мүчөлөрүнүн баары изоляцияга алынып, карантинге киргизилген. Арасынан жетөөнүн коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Айыгып чыккан үчүнчү бейтап буга чейин вирус жуктуруп алган адам менен байланышта болгон", — деп жазылат маалыматта.

Коңшу мамлекетте коронавирустан 26 бейтап айыгып чыкты. Үчөө вирустан көз жумган. Инфекцияны жуктуруп алгандардын жалпы саны 348ге жетти.