Эми колдойт го дейм... Абылгазиевдин жообу депутаттарды күлдүрдү

Учурда парламенттин жалпы жыйынында вице-премьер жана саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлер каралууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин парламенттин жыйынында берген жообу депутаттарды күлкүгө салды.

Жогорку Кеңеш Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин колдоду
Эл өкүлү Дастан Бекешев эл аралык уюмдар аркылуу дары-дармектерди алса болорун айтып, бирок ага вице-премьерликке бараткан Аида Исмаилова депутат кезинде каршы чыгып жүргөнүн билдирди. Мындан улам Бекешев өкмөт эми кандай саясат алып бара турганына кызыкты.

Буга өкмөт башчы "эми колдойт го дейм" деп жооп бергенде залдагы депутаттардын баары күлүп жиберди.

Белгилей кетсек, учурда парламентте вице-премьер жана саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлер каралууда.