Жээнбеков: эл комендатуралардын ишине нааразы

Маселе негизинен шаар ичинде жүрө турган уруксат кагаздары боюнча болууда. Бишкектин ичине зарыл болгон жүктү алып кирүү же башка жакка алып өтүү үчүн уруксат керек. Мындай көйгөй бар экендигин өкмөттөн өздөрү да айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар комендатуралардын ишине нааразы экендигин президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдө өткөн жыйынында айтты.

Маалымат кызматынан билдиргенине караганда, жыйын бүгүн, 31-мартта, болгон.

Анда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишин алдын алуу жана элди азык-түлүк менен камсыздоо жаатында көрүлө турган чаралар талкууланды.

Жээнбеков комендатуралардын ишмердигине карата жарандардын нааразычылыгы көп болуп жатканын баса белгилеген.

"Атайын уруксат кагаздарын берүү, блокпостторго атайын жабдуу орнотууда, блокпосттордо турган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоодо маселелер бар", — деген президент.

Жээнбеков ошондой эле өлкөнүн өткөрмө пункттарындагы карантиндик-санитардык посттордун ишмердигине, келип жаткан жарандарды текшерүү боюнча иш жетишсиз уюшулганына көңүл бурган.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Үйдө отуруп жардам бергиле! Дарыгерлер кыргызстандыктарга кайрылды. Видео
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 31-марттагы маалыматтарда 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Алардын арасынан 30-мартта Сузактын үч тургуну айыгып чыкты.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.