Окуучуларды дистанттык окутууга видеосабактар кантип даярдалып жатат? Сүрөт

8-апрелден тарта IV чейректин сабактары "Баластан" КТР, "Илим Билим" ЭлТР жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярдыкты улантууда. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин министрлик кезексиз каникул коронавируска байланыштуу узартылгандыктан, учурда төртүнчү чейректин программасы толугу менен электрондук форматка өткөрүлүп жатканын айткан.

"Базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга жана окуу программаларына ылайык, сабактардын жадыбалы түзүлгөн. Балдарга сабактар телепрограмма жана интернет портал аркылуу өтүлөт. Мындан улам IV чейректин сабактары Бишкектеги тогуз студияда жана Ош шаарындагы ЭлТР каналынын базасында тартылууда. Видеосабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылууда", — деп айтылат маалыматта.

Мугалимдерге дистанттык окутуу үчүн акы төлөнбөйбү? Министрликтин жообу
Белгилей кетсек, 8-апрелден тарта IV чейректин сабактары КТРдин "Баластан" (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин "Илим Билим" (5-11-класстын окуучулары үчүн) каналдарынан жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" өтүлөрү айтылган.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус катталганга чейин эле билим берүү мекемелеринин баары мөөнөтсүз каникулга тараган. Жогорку окуу жайлары 16-марттан баштап эле дистанттык окууга өткөн.