Министрлик: оорулуулардын саны кескин өсүп кетишине Кыргызстан даяр

Республикалык штабдан билдиришкендей, учурда Бишкекте 180 медик өз эрки менен даярдыкта турат. Алар кайсы аймакка жардам керек болсо бара калышат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Оорулуулардын саны кескин өсүп кеткен учурга Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы даяр. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, резервде койкалар жана атайын даярдыктан өткөн медициналык кызматкерлер бар.

“Учурда борбор калаада 180 медик өз эрки менен даярдыкта турат. Алар кайсы аймакка жардам керек болсо бара калышат”, — деди Мамбетов.

Ал ошондой эле дары-дармек жана тесттердин запасы боюнча да айта кетти.

“Ооруканаларда үч айга жете турган медикаменттер бар. Жуктуруп алгандарга колдонулуучу вируска каршы каражат дагы запаста турат. Дагы алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Медиктер коргонуу каражаттары менен камсыздалды”, — деди орун басар.

Тест-системалардын сапатына айрым өлкөлөрдөгүдөй күмөн саноолор жоктугу дагы кошумчаланды.

Кыргызстандагы коронавирус

"Карантинди бузгандар түрмөгө түшөт" – чынбы же жалган маалыматпы?
Буга чейин Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94 болчу, бүгүн 107ге жетти.  Ал эми кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.

Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мындан улам коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режим 15-апрелге чейин созулары белгиленип, эгер кырдаал начарлай берсе, ӨА тартиби уланары айтылган.