Аллергиясы барларга коронавирус канчалык кооптуу?

Аллергия болуп турган кишиге коронавирус жукса, аны жеңүү эки эсе оор болору айтылат. Анткени COVID-19 аллергиянын өтүп кетишине тоскоол болуп, организм экөө менен тең күрөшүүгө бир топ энергия сарптайт.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жазгы аллергиясы бар адамдарга коронавирус эки эсе коркунуч жаратат. Бул тууралуу аллергологдорго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Мечников илим-изилдөө институтунун лаборатория жетекчиси Михаил Костинов аллергия учурунда адамдын иммунитети түшүп кетерин айтат.

"Киши чүчкүрүп, мурдунан суу агып, көзү жашылданып турган кезде организм жаракаты бардай болот. Мындайда вирусту бат кабыл алат", — деди ал.

Кытай дарыгерлери бүлөсү менен 50 күндөн кийин жолукту. Көзгө жаш алдырган видео
Костиновдун пикирин аллерголог-иммунолог Белла Брагвадзе дагы бекемдеди. Анын айтымында, аллергия адамдын дем алуу органдарын сезгентип, вирустун алдында бир топ алсыз кылып коюшу мүмкүн.

Дарыгер кошумчалагандай, аллергия болуп турган кишиге коронавирус жукса, аны жеңүү эки эсе оор болот. Анткени COVID-19 вирусу аллергиянын өтүп кетишине тоскоол болуп, организм экөө менен тең күрөшүүгө бир топ энергия сарптайт.