Казакстанда коронавирустан 50 жаштагы экинчи жаран каза тапты

50 жаштагы киши ооруканага Тез жардам менен 21-мартта түшкөн. Ал бир айга чукул ооруп жүрө берген деген маалыматты айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Нур-Султан шаарында коронавирус жуктурган экинчи адам каза тапкандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"31-мартта шаардагы ооруканада жаткандардын саны 1 693 адамды түздү. Алардын 96сы балдар. Нур-Султан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 175ке жетти. Алардын 159у дарыланып жатат, 15 киши жакшы болуп үйүнө чыгарылды. Тилекке каршы, бүгүн бир адам көз жумду", — деп билдирген Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Сауле Кисикова.

Казакстанда эки медайым коронавирус жуктуруп алды
Анын айтымына караганда, 50 жаштагы киши ооруканага Тез жардам менен 21-мартта түшкөн.

"Бир айга чукул ооруп жүргөн. Командировкага көп чыккандыктан, дарыгерлерге кайрылууга шарты болгон эмес. Анын жакындары 31 адам — туугандары жана чогуу иштегендер ооруканага жаткырылган. 55 адам байланышта болгондуктан үй карантинине алынды. Үй-бүлөсүндөгү эки адамдан коронавирус чыкты", — деп кошумчалаган Кисикова.

Бул Казакстандагы COVID-19дан көз жумган экинчи адам болду.