БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева коронавируска каршы күрөшкө келип түшкөн акча жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамына кимдер киргенин жарыялады.
Эл өкүлү комиссиянын биринчи отуруму кечээ, 30-мартта, болгонун, бүгүн саат 16.00дө экинчи отурумга чогулушарын билдирди.
Комиссиянын курамы:
- Төрагасы — Самат Кылжыев, өкмөттүн аппарат жетекчиси;
- Төраганын орун басары — Замирбек Аскаров, өзгөчө кырдаалдар министри;
- Төраганын орун басары — Улукбек Кочкоров, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин вице-спикери;
- Сайдулла Нышанов, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Бактыбек Турусбеков, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Улан Маматканов, өкмөттүн аппаратында бөлүм башчы;
- Абдыбалы тегин Сүйөркул, каржы министринин орун басары;
- Амангелди Исаев, айыл чарба министринин орун басары;
- Максат Усубалиев, президенттин аппаратында бөлүм башчынын орун басары;
- Мирлан Атакулов, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү;
- Назгүл Турдубекова, "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук уюмунун директору;
- Бурулсун Сүйүналиева, Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фондунун өкүлү.
Белгилей кетсек, азыркы тапта коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 55,8 мллион сом келип түштү.
Коронавирус Кыргызстанда
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн таңкы 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.