Дарыгерлерге сый акы, аткаминерлерди жазалоо. Жээнбеков өкмөткө сунуш берди

Мамлекет башчы өзгөчө абал учурунда калктын аярлуу катмарына жардам берүү жана дарыгерлерге шарт түзүүнү тапшырган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча өкмөткө бир катар сунуш киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы бүгүн, 31-мартта, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрүп, анда коронавирус инфекциясынын таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү маселеси каралган

Коопсуздук кеңешинин өкмөткө берген сунушу:

  • Ооруканаларда, обсервацияларда, санитардык посттордо иштеп жаткан жана коронавирус жуктургандарды дарылап жаткан дарыгерлерди, медициналык орто персоналдын ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында бир жолку материалдык сый акы төлөө;
  • Өзгөчө абал жарыяланган аймактардын калкына эң зарыл болгон товарларды жана азык-түлүктөрдү жеткирүү алгоритмин иштеп чыгуу сунушталды. Ошол эле мезгилде муктаждардын тизмесин паспортто катталган жерине эмес, жашаган жерине карап түзүү зарыл;
  • Өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө премьер-министр чара көрсүн.

Коронавирус Кыргызстанда

Өкмөт ишкерликти кантип колдой турганын айтты. Иш-чаралардын тизмеси
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107ге жетти. Алардын 49у эркектер, 58и аял. Ал эми кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн таңкы 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот