БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда соңку эки күндө коронавирус жуктурганы аныкталган 23 адамдын төртөө гана чет өлкөдөн келген. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, өлкөдө кечээ - 10, бүгүн 13 адам COVID-19 инфекциясына кабылганы маалымдалган.
“Жаңы аныкталган 23 кишинин төртөө гана сырттан келген. Калган 19у өз ара байланыштар аркылуу жуккан. Биздин медицина кызматкерлери ушундай кыйынчылыкка карабастан күнү-түнү иштеп жатышат. Кечээ үч кишини айыктырып ооруканадан чыгарышты. Эки сутканын ичинде беш үй-бүлөдөн 15 адамга коронавирус жукканы аныкталып жатат. Алар карантиндин эрежесин сактабаганы үчүн баарына кыйынчылык жаралууда”, — деди Мамбетов.
Ошондой эле ал учурда өлкө боюнча 257 мобилдик бригада иштеп жатканын айтты. Эгер жарандар обочолонуу режимин так аткарса, аларга чоң жардам болорун эскертти адис.
Кыргызстандагы коронавирус
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн таңкы 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.