БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 31-март, шейшемби күнү, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +10…+15 градус жылуу болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +21...+23, Ошто +22...+24 градуска чейин жогоруламакчы.