Нарын облусуна автоунаалардын кирип-чыгышы убактылуу токтоду

Азык-түлүк, эл керектеген товарларды, дары-дармекти жана жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө зарыл болгон каражаттарды алып өтүүгө тоскоолдук болбойт.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. COVID-19 илдетин алдын алуу максатында Нарын облусунун аймагына кирип-чыккан транспорт кыймылына чектөө киргизилди. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

"Коронавирус илдетин алдын алуу  элдин социалдык байланышына убактылуу чектөө киргизүүнү талап кылууда. Ошол себептен бүгүндөн баштап Нарынга кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, коюлган постторго көзөмөл күчөтүлдү. Ушул жагдайды эске алып, убактылуу сапарга чыкпай турууңуздарды эскертебиз", - деп айтылат таратылган билдирүүдө.

300 миң сомго чейин айып салынат! Карантинди бузгандар жазаланмай болду
Облус жетекчилиги тарабынан облустун аймагындагы эл каттамын, транспорт кыймылын көзөмөлгө алуу, тартипти катуу сактоо боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берилген.

Учурда башкармалыктын кызматкерлери облустун аймагындагы 13 санитардык-карантиндик постто күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

"Эскерте кетүүчү жагдай, азык-түлүк, дары-дармек жана жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө зарыл болгон каражаттарды алып өтүүгө тоскоолдук болбойт", - деп айтылган билдирүүдө.

Коронавирус Кыргызстандын ичинен Нарын аймагына да жетип, кечээ, 29-мартта, Пакистанга дааватка барып келген жергиликтүү жашоочудан табылган.