Көп жолу колдончу бет капты кантип тазалоо керек

Көп жолу колдонулчу бет каптарды кайталап киерден мурда жууп коюу менен гана чектелбей, үтүктүн буусуна кармаш керек.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россиянын Колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) көп жолу колдонулчу бат каптарды кантип туура пайдалануу керектигин түшүндүрүп берди.

Көп жолу колдончу бет капты кантип тазалоо керек

Маалыматка караганда, көп ирет колдонулчу бет каптарды кайталап киерден мурда жууп коюу менен гана чектелбей, үтүктүн буусуна да кармаш керек. Андан соң ным болуп калган бет капты ошол эле үтүк менен кургатып алып тагынуу зарыл.

Бирок адистер көп жолу колдонулчу бет каптар вирусту жуктуруп албоого толук кепилдик эмес экенин айтат. Андыктан болбой эле башкалардан өзүңдү оолак кармап, колду жууп, тазалап туруу керек.

"Мындан тышкары, кандай гана бет кап болбосун аны 2-3 сааттын ичинде алмаштырып туруу зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Роспотребнадзор мекемеси эпидемия жана пандемия учурунда коомдук транспорт, дүкөн, дарыкана сыяктуу жайларда бет капсыз жүрбөөнү сунуштайт.