БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкекте өзгөчө абал учурунда ары-бери каттоо үчүн ар кайсы кызматтарда иштеген жарандарга үч түрдүү өткөрмө кагаздар берилип жатат. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, документтер көк, кызыл жана сары түстө.
“Көк түстөгүлөр — аны алгандар шаар ичинде 24 саат бою жүрө алышат. Кызыл түстөгүсүн алгандар саат 7.00дөн 20.00гө чейин, адатта булар ар кайсы мекемелерде иштеген кызматкерлер, дүкөн, дарыканаларды товар менен камсыз кылган ишкерлердин колунда. Сары түстөгүсү медиктер менен банк кызматкерлерине берилди”, — деди Жумушалиев.
Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат. Бул учурда аталган аймактардын жарандары өтө зарыл болгон үч учурда гана сыртка чыга алат. Булар: дүкөн же күнүмдүк жашоого өтө зарыл нерсе сатып алуу үчүн, дарыканага жана ооруканага баруу үчүн.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.