БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күн сайын дээрлик миллион чарчы чакырымдык жолдор менен тротуарларды дезинфекциялап жатат. Эми мечиттерге киришишти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
“Тазалыктын” 100дөн ашык кызматкери атайын унаалар жана кичи тракторлор менен күнүнө кеминде беш ирет дезинфекция иштерин аткарышууда.
“Карантинге алынган зоналарга Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл агенттиги тарабынан текшерилген атайын аралашма чачылат”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, төрт күн мурда дезинфекция иштерине байланыштуу Бишкектин чок ортосу жөө адамдар менен унаалар үчүн жабылган. Ал жактан мамлекеттик жана банк кызматкерлерине, дарыгерлер менен элди дары-дармек, азык-түлүк менен камсыз кылган компаниялардын өкүлдөрүнө өтүүгө уруксат берилген.