Эртеңден тарта жалпы москвалыктар үчүн карантин жарыяланат

Мындан ары шаардын бардык курактагы тургундары жаш курагына карабастан тийиштүү себептер менен гана сыртка чыга алат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Эртең, 30-марттан тарта Москванын бардык жашоочуларына карантин жарыяланат. Бул тууралуу РИА Новости калаа мэри Сергей Собянинге шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, мындан ары шаардын бардык курактагы тургундары тийиштүү себептер менен гана сыртка чыга алат.

“Жарандар ооруканага, дүкөнгө, дарыканага бара алат. Ошондой эле үйүнөн 100 метр алыстыкка чейин үй жаныбарын сейилдетүү үчүн же таштанды төгүүгө чыгышса болот. Жумушка барууга милдетүү адамдар дагы үйүнөн чыкса болот”, - деп айтылат маалыматта.

Жакынкы күндөрү шаардыктар атайын уруксат кагаз менен гана сыртка чыга башташат. Андай баракчалар Москва өкмөтү киргизген эрежелердин негизинде берилет. Мындай чаралар коронавирустун жайылышын токтотуу максатында жасалууда.

Россияда COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны тогузга жетти. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкө боюнча жалпы жонунан 1543 адам вируска кабылып, 64ү сакайып кетти.