Бишкектин бош калган көчөсүндө кырсыктаган унаалар. Видео

Жол кырсыгы Горький менен Абай көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Анда Toyota Camry менен Toyota Ist үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкектеги Горький жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Toyota Ist үлгүсүндөгү унаалар кагышып кеткени тууралуу маалымат "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Ага ылайык, жол кырсыгы саат 13:00дөр чамасында болгон. Бир адам ооруканага жаткырылды.

Бишкектин ичинде жүрүүгө электрондук уруксат кагаздары берилмей болду
Милиция аталган даректе кырсык болгонун тастыктап, чакыруу саат 12:49да түшкөнүн кабарлады. Тез жардам кызматынан жабыркагандар бар экени боюнча маалымат түшкөнүн, бирок канча адам экени азырынча тактала электигин билдиришти.

Белгилей кетсек, коронавирус илдетинин жайылышын токтотуу максатында Бишкекте өзгөчө абал режими ишке кирген. Буга байланыштуу адамдар көчөдө ээн-эркин жүрө албай, борбор калаанын көчөлөрү бош калды. Бирок азык-түлүк ташыган ишкерлерге, үйгө тамак-аш жеткиргендерге жана башка кызматтарга атайын уруксат кагаздын негизинде шаар ичинде жүрүүгө уруксат берилген. Ошондой эле адамдар дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага бара алышат.