Коронавирустан көз жумгандар кантип көмүлөт. Министрлик менен муфтияттын сунуштамасы

Министрлик коронавирус кара тумоо, чечек, күйдүргү сымал кооптуу инфекция эмес экенин, ошентсе да тазалыкты сактап, коргонуу зарыл экенин белгилейт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Айрым талаптар аткарылса коронавирустан өлгөн адамдын сөөгү айланадагылар үчүн кооптуулук жаратпайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына таянып Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

"Дүйнөдө абал оор боюнча калууда. Көп өлкөлөрдө коронавирустан улам адамдар өлүп жатат. ДССУнун берген маалыматы боюнча, COVID-19дан каза тапкан адамдардын сөөгү айланадагылар үчүн кооптуулук жаратпайт. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги маркумду жерге берүүдө айрым эрежелерди иштеп чыкты. Муфтият да өз сунуштарын министрлик менен макулдашты. Эгер коронавирус жуктуруп алган адам каза тапса санитардык дарыгерлердин айтканын кынтыксыз аткаруу керек. Дезинфекциялануу зарыл, бет кап, кол кап болушу шарт. Муфтият тажияны аз сандагы адамдардын катышуусу менен эле өткөрүүнү сунуштайт", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик коронавирус кара тумоо, чечек, күйдүргү сымал кооптуу инфекция эмес экенин, ошентсе да тазалыкты сактап, коргонуу зарыл экенин белгилейт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 58 киши ушу тапта аны менен күрөшүп жатат.