Россияда коронавирусту дарылай турган препаратты иштеп чыгышты

Жаңы препарат безгекке каршы колдонулуучу мефлохин каражатынын негизинде жасалды. Аны Федералдык медицина-биологиялык агенттик сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россияда коронавирусту дарылоочу дары иштеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Өзбекстанда коронавирустан өз алдынча дарыланган медик көз жумду
Дармекти Федералдык медицина-биологиялык агенттик сунуштаган. Ал безгекке каршы колдонулуучу мефлохин каражатынын негизинде жасалганы айтылат.

Иш Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустан дарылоо боюнча методикалык сунуштарына киргизүү үчүн берилди.

Агенттиктин жетекчиси Вероника Скворцованын айтымында, аталган препарат коронавирустун цитопатикалык таасирине бөгөт коюп, анын жайылуусуна жол бербейт. Ал эми мефлохин вирустан улам пайда болгон сезгенүүнү алдын алат.

"Макролиддик антибиотиктер менен синтетикалык пенициллиндин кошулушу бактериалык-вирустук синдромдун кайрадан жанданышына мүмкүнчүлүк бербейт, мындан тышкары, кандын плазмасындагы жана өпкөдөгү вируска каршы каражаттардын концентрациясын күчөтөт. Бул ар кандай деңгээлдеги коронавируска кабылган адамды дарылоого жол ачат", — деди Скворцова.

Агенттиктен мефлохиндин негизинде коронавирусту алдын алуу боюнча натыйжалуу жана коопсуз схеманын да иштелип жатканы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, дүйнөдө коронавирус пандемиясы жарыяланган. 600 миңдей адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан вирустан арылта турган вакцина азырынча табыла элек.