Үйдө отурсаңар, вирусту жеңет элек! Оштун дарыгерлери кайрылуу жасады. Видео

Оорукананын ичинен тартылган сүрөт, видеолорду өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы таратты.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ош облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгерлери элге кайрылуу жасады.

Анда ак халатчандар бир жумадан бери үй-бүлөсүн көрбөй, күнү-түнү тынымсыз иштеп жатканын айтышкан.

Ошондой эле алар элди карантиндин эрежелерине баш ийип, өздүк гигиенаны так сактоого чакырышкан.

"Сиздер үйдөн чыкпай отурсаңыздар бизге да жардам болор эле. Ошондо биз илдетти жеңет элек. Бүгүнкү күндө дарыгерлер өмүрүбүздү тобокелге салып, күнү-түнү ушул жерде иштеп жатабыз", — деп кайрылды дарыгерлер.

Оорукананын ичинен тартылган сүрөт, видеолорду өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы таратты.

Бишкектик дарыгерлер коронавирус боюнча дүйнөлүк флешмобго кошулушту. Сүрөт
Кыргызстанда азыркы тапта 58 адам коронавирус жуктурган. Кечээ эле бир жаштан 68 жашка чейинки 14 адамдан COVID-19 аныкталганы кабарланды.

Алардын ичинен бешөө Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген, калганы өлкө ичинен эле жуктуруп алган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал режими киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган.