Чет элдиктер Кыргызстандан документтерди толтурбастан чыгып кете алат

Эми чет элдиктер документтери бүтпөй калса деле өлкө аймагында боло алышат жана 1-майга чейин тоскоолдуксуз чыгып кете алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Чет элдик жарандар 1-майга чейин визасын тариздебестен жана келген жеринде каттоосуз Кыргызстандын аймагынан чыгып кете алышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Коронавирустан көз жумгандар кантип көмүлөт. Министрлик менен муфтияттын сунуштамасы
Ага ылайык, чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга "жашыл коридор" ачуунун себеби - чет мамлекеттерде бир катар чектөөлөр киргизилгенинде. Ошондой эле COVID-19 инфекциясынын көп тарашынан улам ар кыл өлкөлөр менен аба каттамдар убактылуу токтотулду.

Эми чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар визасы жок, визасыз режим мөөнөтү аяктаган же каттоодо туруу мөөнөтү (жок болсо) бүткөн шартта да өлкө аймагында боло алышат жана 1-майга чейин тоскоолдуксуз чыгып кете алышат.