Бишкекти мындай абалда көрө элек болчубуз. Ээн калган шаардын 14 сүрөтү

Sputnik

Бишкекте ушу тапта карантиндик аймак түзүлүп, ал 7-апрель, Ахунбаев, Бакаев, Салиева, Осмонкул көчөлөрү жана Жибек Жолу менен Жаш гвардия проспектилери чектешкен жерде. Бул тилкеде көчөлөр дезинфекцияланууда. Улам аталган аймак кеңейе берет дешти. Аталган зонага кирүү чектелген, бирок жөө адамдар ары-бери өтүп жүрүшөт.

Азыркы тапта бишкектиктер үч эле себеп (дүкөн, дарыкана, оорукана) менен көчөгө чыга алышат. Мындан улам сыртта демейде быкпырдай кайнаган автоунаа да, эл да жок болуп, шаар ээнсирей түштү.

1 / 14
Бишкектин ээн калган көчөлөрү
2 / 14
Эл азыр үйүндө. Мындай кадам коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында жасалууда
3 / 14
Башка учурда бул жер алдындагы өтмөктө жашоо кайнап турчу
4 / 14
Ири соода түйүндөрүнүн баары жабылды. Азыркы тапта азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар, ооруканалар жана банк филиалдары гана иштеп жатат
5 / 14
Кафе менен ресторандар тамакты буюртма менен үйгө ташып иштөөгө өттү
6 / 14
Атайын коргоочу кийим кийген кызматкерлер күн сайын көчөлөрдү, аялдамаларды жана таштанды челектерди дезинфекциялап жатат
7 / 14
Көчөлөр атайын техниканын жардамы менен тазаланууда
8 / 14
Шаардын борбордук бөлүгү карантиндик аймак болду. Бул жакка кирип-чыгууга чектөө коюлган
9 / 14
Демейде быкпырдай кайнаган көчөлөр бүгүн минтип бош...
10 / 14
Башка убак болсо борбордук аянт ээн калбайт эле
11 / 14
Саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат иштейт
12 / 14
Күндүз дүкөнгө, дарыкана менен ооруканага гана чыгууга болот
13 / 14
Адатта бош отургуч таппай убара болчу элек...
14 / 14
Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин өкүм сүрөт