Карантинге жаткырганга орун жок! Тажикстандын медиктери арыз-муңун айтып чыкты

Бүгүнкү күндө Тажикстан расмий түрдө бир дагы COVID-19 аныктала элек саналуу өлкөлөрдүн катарында турат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги чет өлкөдөн келген жарандарын карантинге жаткырууга орун таба албай, айласы кетип жатат. Бул туурасында Sputnik Тажикстан аталган министрликтин маалымат катчысы Бибихонум Дарвешзодага таянуу менен жазды.

Анын айтымында, коронавирустун жайылышын алдын алуу милдети бир гана Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү деген жүйө менен өлкөнүн башка министрликтери жана укук коргоо органдары кызматташпай жатат.

"Чет жактан келген жарандарды карантинге алышыбыз керек, бирок аларды жаткыра турган жай жок. Ушундай көйгөйдүн жаралганына байланыштуу санаторий жана эс алуу үйлөрүнө ээлик кылган министрликтер жана башка ведомстволорго кайрылдык. Айрымдары макулдугун берди, бирок көпчүлүгү жооп бербей, кайдыгер карап жатат", — деп айткан маалымат катчы.

Азырынча министрлик өзүнүн карамагындагы жайларга жаткырууну улантууда. Расмий маалымат боюнча, 1-февралдан 25-мартка чейин 5460 адам обсервацияга жаткырылган. Учурда 2002 адам мөөнөтү бүтүп үйүнө чыгарылып, калган 3458и дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда. Алардын арасында 107 чет элдик жаран дагы бар.

Кордайга Кыргызстандан барган кыздан коронавирус аныкталды
"Азырынча орун бар дейли, бирок бардык ооруканаларда бир бөлмөдө эки, үч, төрт, жада калса 10 койкага чейин коюлууда. Орун жетпегендиктен көпчүлүгүн Душанбеден 50 чакырым алыстыктагы "Хожа Обигарм" санаторийине жаткырдык. Биз министрлик жана башка мамлекеттик мекемелерди бул маселеге олуттуу мамиле кылып биз менен кызматташуусун суранабыз. Кудай сактасын, эгер биздин жарандардан коронавирус аныкталса, кандай кыйынчылык жараларын алар элестете албай жатышат", — деп кайрылган Давлатзода.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Тажикстан расмий түрдө бир дагы жаранынан COVID-19 аныктала элек саналуу өлкөлөрдүн катарында турат.