Россиялык белгилүү ырчы Лев Лещенкодон коронавирус аныкталды

78 жаштагы ырчы ооруканага 25-мартта өпкөсү сезгенип жаткырылган. Текшерүүдөн кийин пневмониянын коронавирустук белгиси аныкталып, абалы начарлагандыктан жандандыруу бөлүмүнө которулган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиялык белгилүү ырчы Лев Лещенкодон COVID-19 тастыкталганын РИА Новости ал жаткан оорукананын башкы дарыгери Денис Проценкого шилтеме берип жазды.

Ырчы ооруканага 25-мартта өпкөсү сезгенип жаткырылган.

"Текшерүүдөн кийин пневмониянын коронавирустук белгиси аныкталды. Алгачкы суткаларда Лещенконун абалы начарлап, энтигип, кыйналган. Мындан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", — деген Проценко.

Учурда 78 жаштагы ырчынын абалы туруктуу, ага азырынча кошумча кычкылтектин кереги жок экендиги айтылат.

Соңку маалыматтар боюнча, Россияда 840 киши коронавирус жуктуруп, анын 38и айыкты. Ал эми эки киши көз жумду.