Күнү-түнү иштешет! Бишкектин райондук штабдарынын телефондору

Эгер калаа тургундарында эпидемиологиялык кырдаалга байланышкан суроо, маселе жаралып калса, райондук штабдарга күн-түн дебей чалса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундары үчүн райондук штабдардын номерлерин жарыялады.

Эске салсак, коронавирустан улам өзгөчө абал режими Бишкек шаарына да киргизилген. Ага ылайык, калаада күндүз үч гана жерге барууга уруксат берилген. Ал эми кечки саат 20:00дөн көчөгө чыгууга тыюу салынган.

"Азыркы тапта Бишкекте комендатура, Call-борборлор жана шаардык, райондук штабдар иштөөдө. Эгер калаа тургундарында эпидемиологиялык кырдаалга байланышкан суроо, маселе жаралып калса, райондук штабдарга күнү-түнү чалса болот", — деп айтылат маалыматта.

Райондук штабдардын телефондору:

  • Биринчи Май району — 661537;
  • Ленин району — 656920;
  • Свердлов району — 531583;
  • Октябрь району —576550;

Мындан сырткары, шаардык штабдын 625813, 0555839379 же WhatsApp 0705 025 010 номерине да кайрылса болот.

Өзгөчө абал боюнча маселе жаралса, комендатуранын 660710, 660248, 662134 телефондоруна чалыңыздар.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.