Оштун дарыгерлерин жумушка кичи автобустар ташууда. Сүрөт

Кичи автобустарга күйүүчү майды мэрия берүүдө. Ал эми айдоочулар өз демилгеси менен кызмат акысын албай иштеп жатышат. Алар дарыгерлерди эртең менен жана кечинде ташыйт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаарында дарыгерлерди ташууга 28 кичи автобус бөлүндү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, медицина кызматкерлерин ташуу иштери менен вице-мэр Асылбек Топчубаев таанышып чыккан. Айтымында, азыркы тапта шаардагы сегиз оорукана жана №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медиктерин 28 кичи автобус тейлеп жатат.

"Медицина кызматкерлерин үйүнөн жумушка, жумуштан үйүнө жеткирип туруу боюнча шаар мэри тапшырма берген. Кичи автобустарга күйүүчү майды мэрия берүүдө. Ал эми айдоочулар өз демилгеси менен кызмат акысын албай иштеп жатышат. Алар дарыгерлерди эртең менен жана кечинде ташыйт", — деди Топчубаев.

Эске салсак, Ош шаарында да өзгөчө абал режими киргизилип, медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.