Ошто милиционерди капотунда сүйрөп кеткен аялды ок чыгарып токтотушту

Окуя бүгүн, 27-март күнү, саат 10.20лар чамасында калаанын Абдыкадыров жана Абдувалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаарында мыйзамга баш ийбеген айдоочуну токтотуу үчүн эскертүү иретинде асманга ок чыгаруу менен кармашты. Бул туурасында аймактагы комендатуранын маалымат борбору кабарлады.

Окуя бүгүн, 27-март күнү, саат 10.20лар чамасында калаанын Абдыкадыров жана Абдувалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Ош ШИИБдин милиционерлери кызмат өтөп турган учурда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу өзгөчө абалдын талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөткөн. Астын тоскон кызматкерибиздин өмүрүнө коркунуч келтирип, капотуна сүйрөтүп качып кетүүгө аракет кылган. Мындан улам табелдик ок атуучу курал менен эскертүү иретинде асманга бир жолу ок чыгарып автоунааны токтотушкан. Айдоочу аял Ош ШИИБдин тергөө кызматына алып келинди", — деп айтылат маалыматта.

Коменданттык саатты бузган 241 адам кармалып, 12 унаа айып короого киргизилди
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Айдоочу тергөө учурунда берген алгачкы көрсөтмөсүндө, окуянын себебин бир жакка шашып бара жатканы менен түшүндүргөнү айтылат.

Ал эми милиция кызматкеринин алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.