Мугалимдерге дистанттык окутуу үчүн акы төлөнбөйбү? Министрликтин жообу

Буга чейин мектепте иштегендердин арасында "мугалимдердин айлык акысы толук төлөнбөйт экен" деген кеп-сөз чыккан. Ошондой эле алар балдарды дистанттык түрдө окуткандыгы үчүн акы албай калышы мүмкүн деген божомол тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мугалимдери март айынын айлыгын толугу менен алышат. Бардык билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине маянасы которула баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Акылбек Орозматов билдирди.

Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардагы мектептердин биринде иштеген мугалимдер кайрылган. Анда алар мектепте иштегендердин арасында "мугалимдердин айлык акысы толук төлөнбөйт экен" деген кеп-сөз чыгып жатканын айтышкан. Ошондой эле  балдарды дистанттык түрдө окуткандыгы үчүн мугалимдерге акы төлөнбөй турганы да божомолдонуп жатканын белгилешкен.

Орозматов бул маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, мугалимдер айлыгын өз мөөнөтүндө алышат. Мындан ары деле педагогдор үйдөн окуучуларды дистанттык түрдө окутканы үчүн кадимкидей эле толук көлөмдө айлык акысын алышат.

Эске салсак, 16-марттан тарта өлкөдөгү мектеп ЖОЖ, билим берүү жайларынын баары карантинге жабылган. Кийинчерээк бала бакчалар да таратылган. Буга чейин Билим берүү министрлиги эгер мөөнөтсүз каникул узартыла турган болсо, 8-апрелден тарта орто мектептин окуучулары төртүнчү чейректи дистанттык (үйдө отуруп) негизде окууга киришерин айткан.

Коронавирус Кыргызстанда

Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жетти. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталды. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.