Кыргызстанда дагы 14 киши коронавирус жуктуруп алды

Буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44 болчу. 25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 14 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын жетөө Ош облусунан болсо, жетөө Жалал-Абаддан. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди. 

Кыргызстанда дагы 14 киши коронавирус жуктуруп алды
"Бейтаптардын жалпы саны 58ге жетти. Жаңы учурлар Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталды. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши", — деди Акматова.

Коронавирус Кыргызстанда

Казакстанда коронавирустан көз жумган аялдын эки өпкөсү тең жабыркаган
Буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44 болчу. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүп жаткан.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз