Дүйнөдө COVID-19 жуктургандар жарым миллиондон ашты. АКШ биринчи орунда

Буга чейин Ухань шаарында пайда болгон вирусту жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда Кытай келе жаткан. Өткөн түнү АКШ андан ашып, Италия дээрлик теңелип калды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бүгүн, 27-мартта, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны боюнча АКШ Кытайды артка калтырып, биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтынан көрүүгө болот.

Буга чейин Ухань шаарында пайда болгон вирусту жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда Кытай келе жаткан. Өткөн түнү АКШ андан ашып, Италия дээрлик теңелип калды. Тагыраагы, ушул тапта Америкада коронавируска 85 653 киши кабылды. Алардын арасынан 1290 киши көз жумуп, 713 киши сакайды. Кытайдын өзүндө жалпы ооругандар 81 782, өлгөндөр — 3291, айыккандар — 74181. Ал эми Италияда илдетке 80 589 киши чалдыкты. Каза тапкандар — 8215, жакшы болуп кеткендер — 10 361 киши.

Андан кийинки орундарда Испания (57 786 киши жуктурган), Германия (43 938), Франция (29 566), Иран (29 406), Улуу Британия (11 812), Швейцария (11 811) турат. Мындан башка өлкөлөрдө жуктургандардын саны 10 миңге жете элек. 

Ал эми жер жүзү боюнча ага кабылгандардын саны 531 860ка жетти. Өмүрү менен кош айтышкандар — 24 057, айыккандар 122 203 болду.

Коронавирус тууралуу

Кыргызстан, коронавирус, коменданттык саат. Соңку кабарлардын тексттик баяндамасы
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек. 

Баса, буга чейин коронавирус алгач кимден аныкталганы боюнча да маалымат жарыяланган.