Карантинден качып барып крокодилге жем болду. Африкадагы окуя

Руандада коронавирус жуктургандардын саны 40тан ашты. Бул регион боюнча жогорку көрсөткүч. Ошол себептен өлкө бийлиги карантин жарыялап, калкка үйдөн чыгууга тыюу салган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Руанданын Камони шаарынын тургуну коронавирус карантининен качып барып корокодилге жем болду. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды.

Өлкө боюнча жарыяланган өзгөчө кырдаалга карабай, 25-март күнү 35 жаштагы эркек Нйабаронго дарыясына балык уулоого кеткен.

"Дарыядан ага крокодил кол салып, жеп койгон", — деп айткан шаар мэри Элис Кайитеси.

26-марттагы маалыматка караганда, Руандада коронавирус жуктургандардын саны 40тан ашты. Бул регион боюнча жогорку көрсөткүч. Ошол себептен өлкө бийлиги карантин жарыялап, калкка үйдөн чыгууга тыюу салган.