Айдоочулар Бишкекке тоскоолдуксуз кантип кирет. Документтердин тизмеси

Блокпосттордон күнү-түнү тоскоолдуксуз өтүүгө элди керектүү нерселер менен камсыздаган жүк ташуучу унааларга уруксат берилген. Бирок айдоочулар Бишкек комендантына бир катар документтерди көрсөтүшү зарыл.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкек комендатурасы жүктөрдү тоскоолдуксуз ташуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин таратканын шаар комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Штаб өзгөчө абал режиминде борбор калаага блокпосттордон гана өтүп кирүүгө мүмкүн экендигин эске салды.

"Блокпосттордон күнү-түнү тоскоолдуксуз өтүүгө элди керектүү нерселер менен камсыздаган жүк ташуучу унааларга уруксат берилген. Бирок айдоочулар Бишкек комендантына бир катар документтерди көрсөтүшү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Документтердин тизмеси:

  • жазуу түрүндө Бишкек коменданты А.К. Орозалиевдин атына кайрылуу;
  • юридикалык тараптын каттоо тууралуу күбөлүгү;
  • маршруттук баракча;
  • унаа ээсинин паспортунун, айдоочулук күбөлүгүнүн, патент, лицензиясынын, транспорт каражатынын күбөлүгүнүн көчүрмөсү керек;

Эске сала кетсек, шаарга чыгарда блокпосттордо медиктер айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн дене табын өлчөсө, милиция кызматкерлери документтерди текшерет.

Коменданттын буйругуна ылайык, ишкерлер төмөнкү посттор аркылуу өтө алышат:

  • Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Васильевский тракт көчөсү менен Достук дачасынын кесилиши;
  • Жаш гвардия бульвары менен айлампа жол;
  • Курманжан датка менен айлампа жол;
  • Киргшелк;
  • 7-апрель көчөсү менен Токомбаев проспектинин кесилиши;
  • Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Кожобергенов менен Семетей көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Селекционное айылындагы май куюучу жайдын жаны.