Улгайып калган, кош бойлуу дарыгерлер эмгек өргүүгө чыкмай болду

Жашы 65тен өткөндөр, кош бойлуу, кичинекей балдары бар жана өнөкөт оорусу бар дарыгерлер акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгышты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бир катар дарыгерлер акы төлөнүүчү эмгек өргүүгө чыгышты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Оштун дарыгерлерин жумушка кичи автобустар ташууда. Сүрөт
Анын айтымында, жашы 65тен өткөн кызматкерлер, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар жана өнөкөт оорусу бар дарыгерлер акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүндө болушат.

Эскерте кетсек, бүгүн коронавирус жуктурган 14 киши аныкталып, жалпы бейтаптардын саны 58ге жетти.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.