БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Тажикстандын түндүгүндө магнитудасы 5,1ге жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык жер ортолук сейсмологиялык борбордон (EMSC) билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүүнүн очогу Согди облусунун Ашт районуна караштуу Шайдон айылынан алыс эмес жерде жайгашкан. Тереңдиги 8 чакырымга жетет.
Жер силкинүү 26-март күнү Бишкек убактысы боюнча саат 09:44тө болгон. Ал Ош менен Өзбекстандын коңшу шаарларында да сезилген.