Кыжалат болсоңуз... Акысыз кызмат көрсөткөн психологдордун номерлери

Жогорку билимдүү, тажрыйбалуу психологдор акысыз кеңеш берүүнү чечти. Кыргыз, орус, өзбек тилинде пикир алышсаңыз болот.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Республикалык штаб азыркы кырдаалга кыжалат болуп, санаа тартып жаткандарга психологго кайрылууну сунуштап, алардын телефондору менен бөлүштү.

"Биздин жогорку билимдүү, тажрыйбалуу психологдор сиздерге психологиялык кеңештерди акысыз берүүнү чечти. Кыргызча, орусча, өзбек тилинде пикир алышсаңыз болот", — деп айтылат маалыматта.

Психологдор күндүзгү саат 10.00дөн 17.00гө чейин жооп бере алышат.

Психологдор жана алардын WhatsApp номерлери:

  • Акчач Жолдошева, психолог-консультант — 0772702642;
  • Гүлипа Борбиева, психолог-консультант — 0773843461;
  • Гүлнара Онкошева, психолог-консультант — 0557175780;
  • Ражопхан Содикова, психолог-консультант — 0550202815;
  • Надежда Домашова, психолог-консультант — 0555 840109;
  • Наргиза Ештаева, психолог-консультант — 0557777405;
  • Рахат Камилова, психолог-консультант — 0555834551.