Өзгөчө абал учурунда электр жарыгы, суу жана газ берүү үзгүлтүккө учурайбы

Бул кызматтар штаттык режимде көрсөтүлүп, калкты эч нерседен кем кылбайт. Ал эми коммуналдык кызмат акылары үчүн карыздар жана туум акчалар боюнча маселе каралып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Өзгөчө абал учурунда электр жарыгы, ысык, муздак суу жана газ өчүрүлбөйт. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

"Бул кызматтар штаттык режимде көрсөтүлүп, калк эч нерседен кем болбойт. Ал эми коммуналдык кызмат акылары үчүн карыздар жана туум акчалар боюнча маселе каралып жатат", — деди Асрандиев.

Өзгөчө абал

Асрандиев: интернетте убадаланган миллиондордун баары атайын эсепке түшкөн жок
25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат жарыялангандыктан, тургундар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек. Күндүз дагы жашоочуларга өтө зарыл болгон учурда гана сыртка чыгууга уруксат берилген.