Москвада коронавирустан эки киши каза болду

Буга чейин Москвада коронавирус жуктурган 79 жаштагы кемпирдин көз жумганы белгилүү болгон. Бирок кийин ал башка оорудан көз жумганы аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Москвада коронавирус жуктуруп алган эки киши каза болду. Бул тууралуу Россиянын COVID-19 кырдаалын мониторинг кылган ыкчам штаб билдирди.

Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео
Оорулуулар 88 жана 73 жашта болгон. Алардан пневмония жана башка өнөкөт ооруларды табышкан.

Штабдан билдиришкендей, жашы өтүп калган, өнөкөт оорулары бар адамдар өзгөчө сак болуп, үйүнөн чыкпашы керек.

Буга чейин Москвада коронавирус жуктурган 79 жаштагы кемпирдин көз жумганы белгилүү болгон. Бирок кийин ал башка оорудан көз жумганы аныкталган.