Гарри падышалык укуктарынан ажыраган соң фамилиясын өзгөртөт

Билгендердин айтымына караганда, Сассекский деп аталган фамилия тандалышы мүмкүн, себеби ал аялына да, Гарринин өзүнө да туура келет.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ханзаада Гарри менен анын аялы Меган Маркл падышалык укуктарынан ажырагандан кийин фамилиясын өзгөртөт. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

31-марттан тарта герцог жана герцогиня Сассекскийлер падыша үй-бүлөсүнүн улуу мүчөлөрүнүн милдетин аткарбай, андан бошоп калышат. Улуу урматтуу деген титулдан ажырагандыктан, алар өздөрүнө ылайыктуу фамилия тандоого туура келет.

Билгендердин айтымына караганда, Сассекский деп аталган фамилия тандалышы мүмкүн, себеби аялына да, Гарринин өзүнө да туура келет. Анткен менен башка варианттар да айтылууда. Ханышанын небереси мектепте жана армияда Уэльский фамилиясын колдонуп келгендиктен, аны да кайтарып алышы мүмкүн дешүүдө. Меган Маркл дагы мурдагы фамилиясын кайра алышы мүмкүн.

Кетеринде жат болуп. Ханзада Гарри менен аялы Меганды туугандары узаткан видео
Ал эми баласына келсек, Маунтбэттен-Виндзор деп аташы толук мүмкүн дешти. Адатта муну падышалык титулу жок үй-бүлө мүчөлөрү колдонот. Мындай аталышты бөбөккө ханзаада Филипп менен Елизавета II тандаган.

Маунтбэттен деп мурда ханышанын чоң кайын атасы аталган. Ал эми Виндзор Елизавета IIнин фамилиясы.

Эске салсак, жубайлар 8-январда падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан баш тартуу чечимин кабыл алган. Алар финансылык жеңилдиктерге, ыйгарым укуктарга ээ болгусу келбей, падышалык үй-бүлөдөгү милдеттерди аткарып, өз алдынча акча таап жашагысы келгендигин айтышкан.