Бишкектин бир бөлүгү курчоого алынды. Сүрөт

Милиция кызматкерлери айрым көчөлөрдөн автоунааларды артка кайтарууда. Кабарчынын айтымында, эмне себептен экенин түшүндүрүшкөн эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкектин бир бөлүгүнө автоунааларды киргизбей жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши тосулган. Ал аркылуу шаардын борбордук бөлүгүнө өткөрбөй жатышат. Мындан тышкары, Бакаев (шаардык борборуна өткөрбөй жатышат) жана Ахунбаев (чыгыш тарапка чектөө коюлган) көчөлөрүнүн кесилиши жабылган.

"Милиция кызматкерлери автоунааларды артка кайтарууда. Бирок себебин түшүндүргөн жок", — деди кабарчы.

Башка кабарчылардын билдиргенине караганда, бөлөк көчөлөр менен жүрүүдө, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүнө өтүүдө дагы көйгөй жаралып жатат. Мисалы, Байтик баатыр менен Жибек Жолунун айрым бөлүктөрү жабык.

Бишкек комендантынан бул тууралуу сурап билүүгө азырынча мүмкүнчүлүк жок.