Россия 27-марттан тарта аба каттамдарын токтоторун айтты

24-март күнү Москва шаарынын Шереметьево аэропортунан 239 кыргызстандык мекенине учуп кете албай калганы боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россия 27-марттан тарта бардык авиакаттамдарын токтотууну пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Россия өкмөтү "Росавиация" мекемесине 27-марттан тарта бардык дайымкы жана чартердик аба каттамдарын токтотууга тапшырма берди.

Болгону учактар асманга сырттан Россия жарандарын гана алып келүү үчүн көтөрүлүшү мүмкүн экени кошумчаланды.

Элчилик: 239 кыргызстандык Москвадан мекенине учуп кете алган жок
Эске салсак, 24-март күнү Москва шаарынын Шереметьево аэропортунан 239 кыргызстандык мекенине учуп кете албай калганы боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлаган. Алар мурда билет сатып алган каттамдардын баары токтотулгандыктан, Шереметьево аэропортуна эптеп учуп кетүүнү көздөп келген. Бирок Бишкек жана Ош шаарына каттамдар жылдырылган үчүн уча албай калышкан.

Алардын абалы жана мындан кийинки аракеттер боюнча Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги маалымат бере элек.